Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-4
Айылдык кеңештин депутаттарынын кызматтык сапарларга чыгуусуна автоунаа чыгымдары (күйүүчү май) үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: Айылдык кенештин депутаттарына кызматтык сапарларга чыгууда автоунаа чыгымдары (күйүүчү май) үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин депутаттарынын кызматтык сапарларга чыгуусуна автоунаа чыгымдары (күйүүчү май) үчүн ар жылы - 50,0 миң сомдон ажыратылсын.
2. Бул буйрукту аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |