Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-5
Андижан айылындагы эски көрүстөндүн жерин мечиттин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, Андижан айылындагы эски көрүстөндүн жерин мечиттин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү” маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андижан айылындагы эски көрүстөнгө тийешелүү болгон жер аянтын тактоо, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу, жана мамлекеттик каттоодон өткрүп актысын алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Эски көрүстөнгө тийешелүү болгон жер аянты жеке менчикке, ижарага берүү жана башка курулуштардын курулушуна тыюу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |