Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-6
Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 09.03.2019-жылдагы протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андижан айылындагы Курманжан Датка көчөсүнүн № 643 –имараты, соода түйүнүнүн күн чыгыш тарабындагы 37,0 чарчы метр жана күн батыш тарабындагы 144,0 чарчы метр жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |