Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-8
Айыл аймагындагы айылдарындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 06.03.2019-жылдагы отурумунун № 16 - протоколунун, айыл аймагындагы айылдарындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү чечиминин негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Кепе участкасындагы көчөгө Тажидин Хамдамовдун аты берилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жаны-Турмуш айылындагы жаңы конуштагы көчөгө Раимжан Умурзаковдунатын аты берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
4 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |