Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 18-10
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушталган 06.03.2019-жылдагы № 16-протоколунун чечимин кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги XVIII сессиясынын күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, билим берүү,саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушталган 06.03.2019-жылдагы 16-протоколунун чечимин кроо жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап, сунушталган чечимин бекитип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактагы мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана айылдардагы элдин жашоосун жакшыртуу жана ынгайлуу шарт түзүү максатында, айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 11 755 577(он бир миллион жети жүз элү беш миң беш жүз жетмиш жети) сом акча каражаты каралсын.
2. Бул буйрукту аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |