Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-1
КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча айымактык бөлүнүшүнүн Кызы-Кыштак айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынан боюнча түзлгөн отчеттунун жана 24.05.2019-жылдагы № 01-12-240 жазма буйругун кароо боюнча 24.05.2019-жылдагы № 01-12-240 сандуу катын кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, “КРнын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча айымактык бөлүнүшүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттунун жана 24.05.2019-жылдагы № 01-12-240 жазма буйругун кароо боюнча 24.05.2019-жылдагы № 01-12-240 сандуу катын кароо жөнүдөгү” маселени карап чыгып, талкуулап жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 11.06.2019-жылдагы № 256-буйругу негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси тарабынан кетирилген кемчилиги үчүн, бирикменин финасы иштерин жүргүзгөн вет. инспектор Б.Ядгаровго эскертүү берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларынын башчыларына: М.Мамитовага, А.Субанкуловага, Тургунбай кызы А.га жана З.Сатыбалдиевага кетирилген кемчилдиктерди мындан кийин кайталанбоосун көзөмөлгө алуулары эскертилсин.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |