Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-3
Айылдык кеңештин “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 03.07.2019-жылдагы протоколун чечимин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, айылдык кеңештин, “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 03.07.2019-жылдагы отурумунун протоколунун чечиминин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2020 жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоору төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-2020-жылга киреше бөлүгү 38 112,8 млн. сомго, чыгаша бөлүгү 38 112,8 млн. сомго;
-2021-жылга киреше бөлүгү 38 112,8 млн. сомго, чыгаша бөлүгү 38 112,8 млн. сомго;
-2022-жылга киреше бөлүгү 38 657,3 млн. сомго, чыгаша бөлүгү 38 112,8 млн. сомго;
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандарга акчалай колдоо көрсөтүүгө 250,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынын ден-соолугун чыңдоого колдоо көрсөтүү үчүн 248,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
4. Жогорудагы акча каражаттар кошумча булактардан, үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратылсын.
5. Бул чечимди аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |