Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-4
Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө станциясы тарабынан Бостон жана Керме-Тоо балдар бакчаларына берилген санитардык көрсөтмө боюнча акча каражатын кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө станциясы тарабынан Бостон жана Керме-Тоо балдар бакчаларына берилген 14.06.2019-жылдагы № 75 жана 17.06.2019-жылдагы № 76- санитардык көрсөтмөрүнүн негизинде акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостон балдар бакчасына берилген көрсөтмө боюнча эң зарыл болгон иштерди аткарууга 60 500 сом акча каражаты 2019-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратылсын.
2. Керме-Тоо балдар бакчанына берилген көрсөтмө боюнча эң зарыл болгон иштерди аткарууга 200,0 миң сом акча каражаты 2019-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |