Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-5
Жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, “Жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маткасымов Азизбек Бекмаматовичтин “Коммунист” айылында жайгашкан “айыл чарба багытындагы” 0,60 га үлүш жер аянты, айыл чарба багытында эмес жерлер: “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |