Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-8
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы сырткы чек араларын орнотуу долбоорун корректировкалоо жана жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча даярдаган материалдарды жана айыл аймагынын жерлерине инветаризация жүргүзүү боюнча комиссиясынын актысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы сырткы чек араларын орнотуу долбоорун корректировкалоо жана жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарды жана айыл аймагынын жерлерине инвентаризация жүргүзүү боюнча комиссиясынын актысын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарынын жыйынтыгы боюнча актысы бекитилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы сырткы чек араларын орнотуу долбоорун корректировкалоо жумушунун жыйынтыгында Андижан айылындагы 5,60 га жер аянты Ош шаарынын территориясына кирип калгадыгына байланыштуу бекитилбесин.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |