Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-9
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешини 13.07.2018-жылдагы кезексиз XII сессиясынын № 12-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамалекеттик Бажы кызматынын “Түштүк-батыш бажысынын” 2019-жылдын 21-июнундагы № 23-10-22/1225 сандуу катынын боюнча, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешини 13.07.2018-жылдагы кезексиз XII сессиясынын № 12-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап комиссиянын актынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешини 13.07.2018-жылдагы кезексиз XII сессиясынын № 12-3 токтомунун 1-пункутудагы 3734,17 чарчы метрге 700,0 чарчы метр жол кошулуп төмөнкүдөй болуп өзгөрүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.08.2017-жылдагы № 341-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 26 беренесинин 2 пункутунун жана 32 беренесинин 4 негизинде, “Түштүк-батыш таможнясына” Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы “Достук” өткөрмө пункутудагы мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 2 406,83 чарчы метр турк-жайлардын ортосундагы жолдор жана башка 4437, 17 чарчы метр жер аянты өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |