Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-10
Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушуна бюджетте каралган 450,0 миң сомду “Сүрөттүү-Таш айылын өнүктүрүү” коомдук фондуна которуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушуна каралган 450,0 миң сомду “Сүрөттүү-Таш айылын өнүктүрүү” коомдук фондуна которуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап комиссиянын актынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушуна Корея Республикасынын “КOICA” уюму тарабынан келген инвестиция долбоорун колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган 450,0 миң сом “Сүрөттүү-Таш айылын өнүктүрүү” коомдук фондуна которулсун.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |