Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-11
Айылдык аймактагы айылдардын тургундарынан келген арыздарыды кароо боюнча атайын комиссия түзүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, “Айылдык аймактагы айылдардын тургундарынан келген арыздарыды кароо боюнча атайын комиссия түзүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап комиссиянын актынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Айыл аймагындагы айылдардын тургундарынан келген арыздарды жайына барып көрүп, ошол айылдын эли менен биргеликте чечүү боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Халматов Баходир - комиссиянын төрагасы,
2. Мансуров Инамидин - комиссиянын катчысы,
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Зулпикаров Гулжигит, 4. Умурзаков Абдыкарим, 5. Мелибаев Санжар, 6. Мырзахакимов Илхом;
II. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын ” курамы толугу менен: 1. Моминов Исмоил, 2. Абдазимов Улукбек, 3. Алимов Санжар, 4. Азимов Жахонгир, 5. Алимжанов Авазжан, 6. Алимов Ибрагим, 7. Абдуллаев Изатулла, 8. Умаров Алишер;
III. Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын” курамы толугу менен: 1. Атаханов Закиржан, 2. Атаханов Мамир, 3. Айтбаев Ислам;
IV. Кайсы айылда карлуучу маселе болсо ошол айылдан шайланган депутаттар, айыл башчысы жана ошол айылдын туругундары тарабынан сунушталган айыл тургундары;
V. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Джураевга жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |