Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № XIV-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана IV кварталына милдеттери жөнүндө
Гулистан айыл кенеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белигиленсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
2018-жылда аткарылышы белгиленген иштерди IV кварталда аяктоо тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |