Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № XIV-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
2018 жылдын 9-айында жергиликтүү бюджетке план боюнча 7 884 300 сом салык жана башка кирешелер түшүшү бекитилген эле.
Азыркы учурда 8 925 000 сомдук салык жана башка кирешелер топтолду. 2018- жылдын 9 айында пландан артыкча 1 040 700 сом акча каражаты түшкөнү белгиленди.
Гулистан айыл өкмөтүнө 2018-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө 2018-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатын төмөнкү максаттарда иштетүү бекитилсин:
1. 701-бөлүмдүн 2215-беренесине бухгалтерияга 1 С программасын киргизүү үчүн 70 000 сом.
2. 706-болумдун 3111 беренеси үчүн Гулистан айылындагы Тороназар-Ажи көчөсүндөгү асфальт төшөөгө 25% артыкча аткарылган жумушка төлөө үчүн 618750 сом, Солтобаев көчөсүнүн мектеп окуучулары кесип өтүүчү жерге светофор орнотуу үчүн 50 000 сом, Гулистан айыл өкмөтүнүн административдик имаратына видео көзөмөл орнотуу үчүн 31 950сом, бардыгы 700 700 сом
3. 709-болумдун 3112 беренесине Гулистан айыл өкмөтүнүн Р.Хужамов атындагы орто мектебине запас котель сатып алуу үчүн 270 000 сом,
4. Киритилген төлүктөөлөрдү (Бардыгы -1 040 700сом) Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин Ноокат районундагы бөлүмүнө тапшыруу, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы депутаттардын Гулистан айыл кеңешинин “Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
Гулистан айыл кенешинин (V1-шайланган)
кезектеги XIV-сессиясынын № XIV-2 токтомуна № 1 тиркеме
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен киргизилген толуктоолор (миң сом).
2018-жыл 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаты | 1040,7 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1040,7 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 70,0 |
Экономикалык маселелер | - |
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 700,7 |
Билим берүү | 270,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 1040,7 |
Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы : Х.Жаханбаева