Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № XIV-3
Гулистан айыл кенешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016 –жылга бюджетин аткарылыши жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү” № 1Х-3-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
2018-жыл Гулистан айыл өкмөтунун бюджетин 706-бөлүгүн 3111-беренесине Фрунзе айылын Мамарахимов көчөсун асфальтоо үчүн 1500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн, бирок бул көчөну асфальтоо Республикалык бюджет тарабынан каржыланусуу белгиленгенлиги үчүн бул акча иштетилбей турат.
Гулистан айыл өкмөтү 2018-жылда жергиликтүү бюджеттин сметасында каралган акча каражатты толугу менен иштетүү үчүн сметада иштетилбей калган акча каражатын максаттуу бөлүштүрүү максатында Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 706-бөлүмдүн 3111-беренесинде иштетилбей калган акча каражатынын эсебинен 706-бөлүмдүн 3112-беренесине 200 000 сом, 701-бөлүмдүн 22153100- беренесине 70 000 сом акча каражаты которулсун.
2. Киритилген толуктоолорду Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Ноокат районундагы бөлүмүнө тапшыруу, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы депутаттардын Гулистан айыл кеңешинин “Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |