Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № XV-1
Гулистан айыл кеңешинин депутаты Алимбеков Акбаралинин жана Оринов Дилшодбек Равшанбековичтердин депутаттык полномочиесин токтотуу жөнүндө
Гулистан айыл кеңешине № 5525-Таштак шайлоо округунан депутат болуп шайланган Алимбеков Акбарали 2018-жылдын 13-июлунда каза болду. Ошондуктан Алимбеков Акбаралинин депутаттык полномочиесин токтотуу керек.
Гулистан айыл кеңешине № 5400-Фрунзе шайлоо округунан депутат болуп шайланган Оринов Дилшодбек Равшанбекович үй бүлөлүк абалына байланыштуу депутаттык полномочиесин токтотуу боюнча арыз менен кайрылган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл кеңешине № 5525-Таштак шайлоо округунан депутат болуп шайланган Алимбеков Акбарали каза болгондугуна байланыштуу) жана № 5400-Фрунзе шайлоо округунан депутат болуп шайланган Оринов Дилшодбек Равшанбековичтин арызынын негизинде депутаттык полномочиеси токтотулсун.
2. Гулистан айыл кеңешине депутаттыкка кийинки талапкерлерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Д.Эрназаровага тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |