Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Гулистан айыл кеңешинин (VI- шайланган) кезектеги XVI-сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры № XVI-1

Гулистан айыл кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл кеңештин компетенциясынын негизинде айыл кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.

Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Ташматов

 

Гулистан айыл кеңешинин 2019-жылга ИШ ПЛАНЫ

 

№

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХVII-сессиясы

1

Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндырүү жана иретке келтирүү, жазгы тааалачылык иштеринин жүрүшү жөнүндө

апрель

Э.Шаназаров

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

2

2019-жылдын 1-кварталында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

апрель

И.Айбашов А.Тажимаматов

Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХVIII-сессиясы

3

2019-жылдын 1-жарым жылында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

июль

Туруктуу комиссиялар, И.Айбашов,

Айыл башчылар

 Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XIX-сессиясы

5

2019-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

октябрь

Э.Шаназаров,

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

6

Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө

октябрь

Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

 Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XX-cессиясы

7

2019-жылда айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө

декабрь

Э.Шаназаров,

И.Айбашов,

туруктуу комиссиялар

8

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө

 

декабрь

Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

 Гулистан айыл кеңешинин жооптуу катчысы:                                                                                                                             С.Эркабаев