Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № XVIII-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-кварталында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына 2019-жылда айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссия айылдардагы көгөйлүү маселелерди аныктап, долбоорлор айылдык кеңешке сунушталган. Айылдык кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүүнү өзүнүн токтотому менен бекитип берген.
Гулистан айыл өкмөтүндө айылдык инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү боюнча инвестиция тартуу багытында бир катар ийгиликтүү иштер аткарылган. 2019-жылда Бостон участкасындагы борбордук стадионду калыбына келтирүү максатында мамлекеттик түрткү беричүү грантка даолбоор даярдалып, мамлекеттик комиссия тарабынан колдоого алынды. Долбоордун сметалык баасы 3 млн. 120 миңди түзөт. Калкты ичимдик суу менен камсыздоо донордук уюмдар тарабынан каржылоого алынган долбоорлор: “Элдин үнү” өнүктүрүү фонду тарабынан айыл аймагынын Кызыл Сай участкасындагы жаңы конуштардын тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн (сметалык баасы-3 млн. 164 миң сом), айылды инвестициялоо долбоору тарабынан (АРИС) сметалык баасы 1 млн 903 миң сом болгон Кочкор Ата участкасындагы жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо долбоору, мамлекеттик дем берүүчү гранттын эсебинен сметалык баасы 2 млн.154 миң сом болгон айыл өкмөтүнүн административдик имаратын калыбына келтирүү долбоорлору жактырылды.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-кварталында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштери кемчилдиктери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. 2019-жылдын 1-кварталында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бюагытында пландаштырылган айыл өкмөтүнүн жалпы бюджети 4 млн. 991,5 миң сом болсо, аткарылганы 5 млн. 372,9 миң сом деп белгиленсин; жергиликтүү бюджеттин пландаштырылган кирешеси 3 млн. 670,7 миң сом борлсо аткарылганы 4 млн. 201,2 миң сом деп белгиленсин.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүу бьюджеттин эсебинен өзүн-өзү камсыз кылуу көрсоткүчүн 5 пайызга артырууну камсыз кылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салымын көтөрүү, кошумча салык булактарын табуу боюнча туруктуу иш жүргүзүлсүн.
5. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын инвестициялык планына кирген долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган өздүк салымдарды өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |