Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № XVIII-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-мартындагы №14-токтомун бекитип берүү жөнүндө
2019-жылдын 20-февралында Гулистан айыл аймагындагы “Ихлос” дыйкан чарбасынын үлүшүнө бөлүнгөн мезгилдүү балдар бакчасынын имаратын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча жалпы жыйналышынын тийиштүү чечими кабыл алынган. Гулистан айыл аймагында азыркы күндө эки туруктуу балдар бакчасы иштеп жатат. Айыл аймагында мектепке чнйинки балдардын саны 3000 миңден ашат. Балдар бакчага тартылганы 320 баланы түзөт. Башкача айтканда 10 пайыз гана бала балдар бакчасына тартылган. Азыркы күндө айыл аймагы балдар бакчаларына өтө муктаж.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, айыл кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-мартындагы Гулистан айыл өкмөтүнүн “Ихлос” дыйкан чарбасынын 2019-жылдын 20-февралындагы жалпы жыйналышынын чечимин бекитип берүү жөнүндөгү №13-токтому бекитилсин жана көрсөтүлгөн имарат Гулистан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган имарат жайгашкан жер аянтына болгон укугун каттап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы имараттарды Гулистан айыл өкмөтүнүн балансына өторүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |