Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № XVIII-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара Турпак таза суу” уюмунун 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга таза суу тарифин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо максатында 2001-жылда “Кара-Турпак таза суу” уюму түзүлгөн. Бирок 2018-жылга чейин ар түрдүү себептер менен иш жүргүзбөгөн. 2018-жылда айыл аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо, ичимдик суу түтүктөрүн ребилитациялоо инвестиция тартуу максатында “Кара-Турпак таза суу” уюму кайрадан юстициядан катоодон өткөрүлгөн. Жетекчиси жаңыдан дайындалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин белгиленген иштер аткарылбай келүүдө. Гулистан айыл кенеши бул маселени карап чыгып, “Кара-Турпак таза суу” уюмунун ишин жандандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун аткарып жаткан иштери канаттандырарсыз деп белгиленсин.
2. Айыл аймагында жайгашкан ичимдик суу түтүктөрүн жана суу курулмалары боюнча инвентаризация жүргүзүү жана “Кара Турпак таза суу” уюмунун аткарып жаткан иштери боюнча айыл кенештин кезектеги сессиясына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Айыл аймагында ичимдик суу үчүн тариф убактылуу 2019-жылга суу түтүгү уйуно орнотулган кожолуктарга айына 100 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнан пайдалануучу кожолуктарга айына 50 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубына 12 сомдон деп белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |