Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № XIX-1
Гулистан айыл кеңешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №XVI-3-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2019-жылдын 5-июнунда ноошорлоп жааган жамгырдын кесепетинен бардык участкаларда сел жүрүп, эгин талааларына суу курулмаларынан айыл ичиндеги жолдорго, адамдардын үйлөрүнө, короолоруна зыян келтирелгендин аныктоо боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында атайын комиссия түзүлүп, селдин келтирген зыяндары аныктап чыгылды.
Айыл аймагында 2019-жылдын 5-июнунда күчтүү сел жүргөдүгүнө байланыштуу форс-мажор жагдай жаратылгандыгына байланыштуу, селдин кесепетин жоюу максатында Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагында 2019-жылдын 5-июнунда ноошорлоп жааган жамгырдын кесепетинен форс-мажор жагдай жаратылгандыгына байланыштуу Фрунзе участкасында сел түшүүчү каналдын 800 метр аралыгын тазалоо максатында жергиликтүү бюджеттин өзгөчө кырдалдар беренесинен 100 миң сом акча каражаты жана 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен 100 миң сом акча каражаты ажыратысын.
2. 2019-жылдын 5-июнунда болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу максатында Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин өзгөчө кырдаалдар бөлмүнүн 3-4-кварталында көрсөтүлгөн 50 миң сом акча каражаты 2-кварталга көтөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |