Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № XIX-2
Гулистан айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн биргелешкен аракет планын бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндө 2017-жылдан баштап Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору иштей баштады. Бул долбоордун алкагында, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 94-б буйругунун негизинде айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана артыкчылык берилгендерине 2019-2020-жылдарга биргелешкен аракеттер планына киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Айыл өкмөту тарабынан жумушчу топтун жергиликтүү жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан бииргелешкен аракеттер планын (БАП) бекитип берүү сунушталган.
Гулистан айылдык Кеңеши 2019-2020-жылдарга түзүлгөн биргелешкен аракеттер планын (БАП)ты көрүп чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу топтун жергиликтүү жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан 2019-2020-жылдарга биргелешкен аракеттер планы (БАП) бекитилсин.
2. Биргелешкен аракеттер планы (БАП) Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп киритилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл Кеңешинин бюджет жана эконмика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | И. Ташматов |
БЕКИТЕМИН:
Гулистан айылдык кеңешинин
төрагасы: _____________ И. Ташматов
Жергиликтуу жамаат менен Гулистан айыл аймагынын ЖОБ органдарынын 2019-2020 жылдар мезгилине
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Билим берүү
1 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Бала бакчанын жоктугу (мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттардын жоктугу).
Фрунзе айылында мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 3000 жакын. Айылда 90 орундуу бир бала бакчада 120 бала тарбияланууда. Бул дегени айылга дагы орточо 9-10 бала бакча куруу керек. Мектепке чейинки билим берүү төмөндөп кеткен. Иштеп жаткан «Гүл бакча» балдар бакчасын дагы шарты канаатандырарлуу эмес. Бул бакчага беседкалар, кошумча кабинеттер, азык түлүк сактоочу жай, кир жуучу каана, ж.б. жетишпейт.
Гулистан айылында мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 1000 жакын. Айылда 120 орундуу бир бала бакчада 150 бала тарбияланууда. Бул дегени айылга дагы орточо 5-6 бала бакча куруу керек. Мектепке чейинки билим берүү төмөндөп кеткен. Иштеп жаткан «Теремок» балдар бакчасын дагы шарты канаатандырарлуу эмес. Бул бакчанын чатырын алмаштыруу, кошумча имараттар салынышы керек.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 6000 жакын адам (анын ичинен 1200 аял, 800 жаш балдар ), «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 1000 адам (анын ичинен 280 аялдар, 200 жаш балдар).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылындагы мектепке чейинки жаштагы балдардын билимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
| 1-тапшырма Жумушчу топ менен биргеликте Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден бала бакча имаратын куруу үчүн: - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт, курулуш сметасы, ж.б. | Фрунзе Гулистан
| Октябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери | Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалып, курулушка уруксат берилди.
| 2 -курулушка уруксат берүүчү корутунду,2- дефектик акт, 2 -курулуш сметасы. |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында бала бакча куруу учун жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (Спонсорлорду изилдөө, донорлдук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе
| Ноябрь 2019-ж. | 10 миң |
|
|
| 2020-ж. жергиликтуу бюджеттен 3000 миң. сом бөлүндү. АРИС, ПРООН, ж.б. уюмдарга проекттер даярдардалды. - Спонсорлор 4 кайрылуу жолдонду; - Айыл аймактын деңгээлинде марафон өттү. | Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 3 млн сом акча. Эл аралык донордук уюмдарга 2 долбоор даярдалды Спонсорлого жасалган кайрылуулар. 2 жолу марафон өттү | |||
3-тапшырма Фрунзе жана Гулистан айылдарында 200 орундуу 2 бала бакчанын курулушу
| Фрунзе Гулистан
| Апрель – Август 2020-ж.
| 2000 миң | 5000 миң | 500 миң | 15000 миң (Эл аралык денгээлдеги спонсорлор) | - Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден 200 орундуу балдар бакчасы курулду. Балдар бакчалары бардык талаптарга жооп берет. | Курулуп пайдаланууга тапшырылган 2 бала бакча | |||
4-тапшырма. Балдар бакчаларын курулгандыгы боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар өткөрүү - Видео тасмалар тартып, элдерге таратуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү - Маалымат тактачалары аркылуу. | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 20 миң |
|
|
| - Айылдарда 2 жолу жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. - Интернет аркылуу кылынган иштер жөнүндө видео маалымат таратылды. | Өткөрүлгөн 2 жыйын Райондук газетага 2 статья. АӨ сайты аркылуу 4 жолу берилген маалымат. | |||
Багыты: Билим берүү
2 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Мектептердин начар абалы (мектептеги билим берүү үчүн шарттардын жетишсиздиги, мектептердин жетишсиздиги).
Фрунзе айылында жайгашкан 700 орундуу «Р. Хужамов» атындагы орто мектебинде 2300 дөн артык бала окуйт. Айрыкча башталгыч класстарда абал начар. 2018-2019-окуу жылында биринчи класстарда 9 класс ачылыптыр. Ар бир класста 40 ашык бала окуйт экен. Мындай шартта билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетет.Тез арада бул көйгөй чечилиши керек. Башталгыч класстар үчүн кошумча корпус курулушу керек. Айылдын «Вахим», «Коён таала», участкасында мектеп курулган эмес. Бул участканын балдары «Р. Хужамов» мектебине катташат. Бул участкага тез мектеп куруу зарыл.
Гулистан айылында жайгашкан 400 орундуу «Гафур Гулям» атындагы орто мектебинде 900 дөн артык бала окуйт. Айрыкча башталгыч класстарда абал начар. Мектептин эски корпусунда башталгыч класстын окуучулары окуйт. Бул имарат ашар жолу менен 1950-жылдарда курулган, ӨКМ өкулдөрү келип мектепти авариялык абалда экендигин белгилеп, бала окутууга тыйуу салган. Бирок мектеп жоктугунан сабактар өтүлүп жатат. Башталгыч класстарда окуучулар саны көп, эски мектептеги шарттар керектүү билим берүүгө жарабайт. Мындай шартта билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетет.Тез арада бул көйгөй чечилиши керек. Башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп имараты курулушу керек.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 10000 жакын адам (анын ичинен 2600 аял, 1000 жаш балдар ), «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 2000 адам (анын ичинен 450 аялдар, 300 жаш балдар).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылындагы мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
| 1-тапшырма Жумушчу топ менен биргеликте Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден жаңы мектеп куруу үчүн: - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт, курулуш сметасы, ж.б. | Фрунзе Гулистан
| Октябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери | Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалып, курулушка уруксат берилди.
| 2 -курулушка уруксат берүүч корутунду,2- дефектик акт, 2 -курулуш сметасы. |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында мектеп куруу учун жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (Спонсорлорду изилдөө, донорлдук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе
| Ноябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| 2020-ж. жергиликтуу бюджеттен 3000 миң. сом бөлүндү. Спонсорлорго 4 кайрылуу жолдонду; - Айыл аймактын деңгээлинде марафон өттү. | Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 3 млн сом акча. Спонсорлого жасалган кайрылуулар. 2 жолу марафон өттү | |||
3-тапшырма Фрунзе айылына 400 орундуу, Гулистан айылына 300 орундуу мектептердин курулушу
| Фрунзе Гулистан
| Март – Август 2020-ж.
| 3000 миң |
| 1000 миң | 25000 миң (Эл аралык денгээлдеги спонсорлор) | Фрунзе айылына 400 орундуу, Гулистан айылына 300 орундуу мектептер курулду. Мектептер бардык талаптарга жооп берет. | 2 заманбап мектептин имараты | |||
4-тапшырма. Мектептер курулгандыгы боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар өткөрүү - Видео тасмалар тартып, элдерге таратуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү - Маалымат тактачалары аркылуу. | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 30 миң |
|
|
| - Айылдарда жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. - Интернет аркылуу кылынган иштер жөнүндө видео маалымат таратылды. | Өткөрүлгөн 2 жыйын Райондук газетага 2 статья. АӨ сайты аркылуу 4 жолу берилген маалымат. Маалымат тактачаларга маалыматтр илинди. | |||
Багыты: Инфраструктура
3 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Ичимдик суунун жетишсиздиги.
Фрунзе айылынын 1200 кожолугу (айрыкча жаңы конуштар) ичимдик сууга муктаж. Айылдын Баймурза ата, Жаңы абад, Тытзар, Бостон участкаларында ичимдик сууну алыстан ташып келишүүдө. Арыктан аккан сууну, кудуктан чыккан грунтовый суулады ичкендигинен ар түрдөгү оорулар көбөйүүдө. Статистикада көрсөтүлүшүнчө Гулистан а\а кудуктан чыккан сууну, арыктан аккан сууну ичүү боюнча районда 1 орунда турат экен, жылына ар түрдүү оорулар 20-30% артууда. Ичимдик сууну 1-2 км алыстыктан ташып ичкен участкалар да бар.
Гулистан айылында союз мезгилде курулган артезиандык скважинадан суу алган суу сактагыч иштеп келүүдө. Бул сактагычтын 250 м3 эки скважинасы бар, алардын бирөөсү иштебейт. Бир суу сактагычтын көлөмү айылдын тургундарына жетишпейт. Айрыкча жаңы конуштарга таза суу жетишсиз. Айрым элдер кудук суунан пайдаланышууда, бул сууну ичкенге жараксыздыгын билсе да, элдер пайдаланышат. Эгерде экинчи скважинаны иштетип, сууну элдерге убагында берип түрүлсө, айыл калкынын таза сууга муктаждыгы чечилет.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 7000 жакын адам, «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 1500 адам.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан АА Фрунзе, Гулистан айылдарынын бардык жашоочуларын 2020-жылда ичимдик сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
| 1. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен таза сууга жетуу боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: - Горводоканал жана артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалар менен байланышуу жана анализдоо. - Мыйзамга ылайык керектелуучу келишимдер, иш-кагаздарды жонго салуу. | Фрунзе Гулистан
| Ноябрь 2019-ж. Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - ТСКАКБ мүчөлөрү | -Горводоканал менен анализ жасалып, келишим тузулду - Артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалардын корутундусу берилди. | Түзүлгөн 2 келишим. 2 корутунду. |
2. Койгойдуу чечуу боюнча каржы булактарын изилдоо: - Смета тузуу - Жергиликтуу бюджет боюнча анализ жасоо - Элдин мумкунчулукторун анализдоо (жолугушуу, жыйындар) - Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - Жергиликтуу бюджет боюнча Айыл Кенешинин токтому кабыл алынды - Донордук уюмдарга проект даярдалды, кайрылуу жасалды. - Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. | Кабыл алынган 1 токтом. Даярдалган 1 проект | |||
|
| 3. Таза сууну керектуу жерлерге жеткируу: - Фрунзе айылынын Жаңы абад, Тытзар, Бостон участкаларына артезиандык скважиналар куруу (суу насосторун орнотуу, куурлар менен сууну участкадагы көчөлөргө бөлүштүрүү) - Гулистан айылындагы жаны конуштарга суу линияларын суу сактагычтан тартуу | Фрунзе Гулистан
| Май-Август 2020-ж. | 600 миң | 1500 миң | 500 миң |
|
| Сууну жеткируу боюнча курулуш монтаждык иштери аткарылды, Эл таза суу менен камсыз болду. | 10 литр/сек кубатында насостор орнотулду. 500 метр труба орнотулду, 60 суу тутоктору орнотулдуу.
|
4. Жергиликтуу ТСКАКБнун ишин кучотуу: - Мучөлөрун билимин жогорулатуу - Тарифтерди кайра коруп чыгуу - МТБ жакшыртуу | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым |
|
|
| 50 мин (ТСКККБ бюджети) | - ТСКАКБ өз милдеттерин так аткарууда | ТСКККБ 2 мүчөсү окуудан өттү. Ичимдик сууга жаңы тариф иштелип чыгылды | |||
5. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар откоруу - Жергиликтуу газетадан маалымат беруу - Маалымат тактачалары аркылуу |
| Ноябрь –Декабрь 2020-ж. | 25 миң |
|
|
| - «Ноокат таны» газетадасында макала чыгарылды. - Айылдарда жыйындар откорулду. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. АӨ Веб- сайтына маалымат берилди |
3 макала 3 жолу айылдарда жыйын отту 5 маалымат тактачаларга илинди. АӨ Веб-сайтында 1 маалымат берилди |
Багыты: Инфраструктура
4 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Экологияны сактоо жана таштандыларды алып чыгуу маселеси.
Гулистан айыл аймагы боюнча таштандыларды алып чыгуу маселеси начарлыгынан экология бузулуп жатат. Элдер таштандыларды жолдордун четтерине, арыктардын бойлоруна таштап кетишүүдө. Бул чыгындылардын ичинде ден соолукка зыяндуу нерселер (памперстер, айбандардын өлүктөрү) бар. Ичимдик сууну кээ бир участкалардагы жашоочулар арыктан алышат. Бул көрүнүш аймактын бардык эле участкаларында бар.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылынын жашоочулары ( 3800 жакын үй-бүлө).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылынын экологиялык абалын жакшыртуу
| 1-тапшырма. Жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте таштандыларды таштоочу жайларды ачууга керектелүүчү иш-кагаздарды даярдоо: - А\Ө токтому - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт - Райкомхоз менен келишимдер. | Фрунзе Гулистан
| Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары, - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери - Райондук коммуналдык чарба ишканасы | А\Ө токтому кабыл алынып, жерлер бөлүндү, Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалды. Райондук коммуналдык чарба ишканасына келишим даярдалды.
| 1 корутунду 1 дефектик акт 1 Райкомхоз менен тузулгон келишим |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында 30 жерге курула турган таштандыларды таштоочу жайларга жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (донорлдук уюмдар, ашар, марофон, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| 2020-жылкы жергиликтүү бюжеттен 500 миң сом акча каражаты болүндү. Айылдарда марафон өткөрүлдү. Жеке ишкерлерге кайрылуулар жасалды. | Бөлүнгөн 500 миң сом акча. 2 жолу марафон өттү. Жеке ишкерлерге 3 жолу кайрылуу жасалды | |||
3-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарына 30 жерге таштандыларды таштоочу жай куруу. Райондук коммуналдык чарба ишканасы менен таштандыларды өз убагында алып кетүү боюнча келишим түзүү. | Фрунзе Гулистан
| Май-Июнь 2020-ж. | 500 миң |
| 100 миң |
| - Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылдарына таштандыларды таштоочу жайлар курулду. Райондук коммуналдык чарба ишканасы менен таштандыларды өз убагында алып кетүү боюнча келишим түзүлдү. | Орнотул-ган 30 урна Райкомхоз менен 1 келишим түзүлдү. | |||
4-тапшырма. Таштандылар таштоочу жерлер курулуп, экологиялык абалга пайдасы тийгендиги тууралуу жамаатчылыкка маалымат таркатуу: - Элдик жыйындар аркылуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү. - Маалымат тактачалары аркылуу.
| Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 30 миң |
|
|
| - Айылдарда жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактача-ларда малыматтар берилди. Мечиттерде имамдар тарабынан тазалык жөнүндө масалалар айтылды - Райондук “Ноокат таңы” газетасында макала басылды. | 2 жолу жыйындар өткөрүлдү 2 жолу маалымат-тар илинди. Газетадан 1 макала чыкты. | |||
Багыты: Инфраструктура
5 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Айылдардагы ички жолдордун начардыгы.
Фрунзе, Гулистан айылындагы ички жолдору талаптарга жооп бербейт. Айрыкча айылдын Вахим, Баймурза ата, Тытзар, Жаңы абад, Бостон участкаларында, «Насир ажы», «Сай бою» көчөлөрүндө жолдор начар. Жалпысы болуп 70-80 км ички жолдор ремонтко муктаж. Жайында жолдордун чаңдыгынан, күз-кыш мезгилинде ылай болгондугунан журууга болбойт.Элдер тротуарга бөлүнгөн жерге эгин эгишип, тосуп алышкан. Машина ээлери машиналарын ремонтуна кошумча каражат сарпташууда. Тез-тез конфликтер чыгып, жол кырсыктары келип чыгууда. Элдер айыл өкмөтүнө көп жолу кайрылган, бирок бардык көчөлөрдө көйгөй чечилгени жок.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылынын жашоочулары ( 3800 жакын үй-бүлө).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| 2020-жыл ичинде Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе, Гулистан айылдардагы ички жолдордун абалын жакшыртуу
| 1-тапшырма айыл аймагынын ички жолдорун ондоо боюнча тийиштуу документтерди даярдоо ( дефекттик акт, смета, жерди бөлүү, уруксаат документтери ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Январь-Февраль 2020-ж. | 50 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери | Райархитектурадан дефекттик акт, смета даярдалды, жерди болуу, А\Ө токтомдору кабыл алынды
| 1 дефектик акт 1 смета 1 токтом чыкты |
2-тапшырма. -Ички жолдорду жана көпүрөлөрдү баскыч-баскыч менен калыбына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдүү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (донорлдук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 10 миң |
|
|
| 2020-жылда жергиликтуу бюджеттен 2 млн. сом бөлүндү. АРИС, ПРООН, ж.б. уюмдарга проекттер даярдардалды, жеке ишкерлерге 4 кайрылуу жолдонду, айыл аймактын деңгээлинде марафон өттү. | Бөлунгөн 2 млн. сом. Донорго 1 долбоор даярдалды Ишкер-лерге 4 кайрылуу жолдонду. 1 марафон өттү | |||
3-тапшырма Фрунзе, Гулистан айылдарындагы ички жолдордун калыбына келтирүү: -30 км ички жолдорду грейдер менен тегиздеп шагал төшөө - Гулистан айылындагы 2 көпүрөөнү ремонтоо. | Фрунзе Гулистан
| Май-Октябрь 2020-ж.
| 2000миң | 1000 миң | 500 миң | 500 миң (Жеке спонсор-лор) | - Айыл аймактын Вахим, Баймурза ата, Тытзар, Жаңы абад, Бостон, Улуз, Сырт, Сай бою участкаларындагы жолдорго шагал төшөлүп калыбына келтирилди. - Гулистан айылындагы көпүрөөлөр ремонттолду. | 30 км жолдорго шагал төшөлүп калыбына келтирилди 2 көпүрөө ремонттолду. | |||
4-тапшырма. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар өткөрүү - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү - Маалымат тактачалары аркылуу Кошумча каражаттарды табуу максатында спонсорлорго кат жазуу, жолугушууларды өткөрүү. | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 30 миң |
|
|
| «Ноокат таны» газетасында макала чыгарылды. - Айылдарда жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. - Жергиликтүү спонсорлорго кайрырылуу даярдалды | 2-3 макала чыгарылды 4 жолу жыйындар өткөрүлдү 5 кайрылуу даярдалды 1 макала газетадан чыкты. | |||
Багыты: Инфраструктура
6 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Сугат суунун жетишсиздиги.
Фрунзе, Гулистан айылдарынын тургундарына жер үлүштөрү 4,6 - 5 сотоктон тийген. Айылдардын аймагындагы жерлердин түшүмдүүлүгү жакшы. Дыйканчылык айыл калкынын негизги киреше булагы болуп эсептелет. Сугат сууну элдер “Кыргыз ата” суу каналынан жана “Чили сай” дарыясынан, ага түтөштүрүлгөн каналдардан алышат. 2017-2018-жылдары бир нече жолу чоң сел келип сайдагы дамбаларды жууп кеткен. Каналдар дагы жараксыз абалга келген. Акыркы эки жылда элдердин сугат сууга болгон муктаждыгы арткан.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 10000 жакын адам, «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 2500 адам.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан АА Фрунзе, Гулистан айылдарынын бардык жашоочуларын 2020-жылда сугат сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
| 1. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен сугат суу менен камсыздандыруу боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: - “АСИР” СПАсы менен байланышуу жана биргелешкен иштерди анализдоо. - Мыйзамга ылайык керектелуучу келишимдер, иш-кагаздарды жонго салуу. | Фрунзе Гулистан
|
Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - “АСИР” СПАсынын мүчөлөрү | -“АСИР” СПАсы менен анализ жасалып, келишим тузулду - Ички арыктар, каналдарды ремонттоо боюнча пландар иштелип чыгылды | Түзүлгөн 1келишим, 2 иш планы |
2. Койгойдуу чечуу боюнча каржы булактарын изилдоо: - Смета тузуу - Элдин мумкунчулукторун анализдоо (жолугушуу, жыйындар) - Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. |
|
|
| 20 миң СПА салымы | - “АСИР” СПАсы бюджетин кайрадан көрүп чыгат . - Жерлерде элдер менен чогулуштар өткөрүлөт. Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. Спонсорлорго кайрылуулар даярдалды | СПАнын жаңы бюджети. 4 жолу өткүлгөн чогулуштар, кабыл алынган чечимдер. Спонсорлорго 4 кайрылуу | |||
3. Сугат сууну керектуу жерлерге жеткируу: - Ички каналдар, арыктарды ремонттоо үчүн элди мобилизация кылуу. Ички канал арыктарды ремонттоо | Фрунзе Гулистан
| Май-Август 2020-ж. |
|
| 500 миң | 1500 миң Жергиликтүү спонсорлор | Сууну жеткируу боюнча курулуш монтаждык иштери аткарылды, Эл таза суу менен камсыз болду. | 5-км ички каналдар ремонттолду. 25 км ички арыктар ремонттолду
| |||
4. Жергиликтуу “АСИР” СПАсынын ишин кучотуу: - Мучөлөрун билимин жогорулатуу - Тарифтерди кайра коруп чыгуу - МТБ жакшыртуу | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым |
|
|
| 50 мин (СПА бюджети) | - СПА өз милдеттерин так аткарууда | СПАнын 2 мүчөсү окуудан өттү. Сугат сууга жаңы тариф иштелип чыгылды | |||
5. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Жергиликтуу газетадан маалымат беруу - Маалымат тактачалары аркылуу |
| Ноябрь –Декабрь 2020-ж. |
|
|
| 10 миң | - «Ноокат таны» газетадасында макалалар чыгарылды. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. АӨ Веб- сайтына маалымат берилди |
2 макала
3 маалымат тактачаларга илинди. Веб-сайтына 1 жолу маалымат берилди | |||
Багыты: Инфраструктура
7 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Жарыктын жоктугу.
Фрунзе айылындагы «Вахим», «Баймурза ата», «Бостон», «Тытзар» жана жаңы конуштарда түнкү жарыктык жетишсиз. Көбүнчө электр энергиясы жетишпей жарыктык жок болуп калууда. Көчөлөрдөгү устундарда чырактар орнотулган эмес, караңгыда көчөгө жарык берилбейт.
Гулистан айылындагы «Насир ажы», «Сай бою», «Бак көчө», жаны конуштарда түнкү жарыктык жетишсиз. Көчөлөрдөгү устундарда чырактар орнотулган эмес, караңгыда көчөгө жарык берилбейт. Мектепке барууда окуучулар, мугалимдер айрыкча кыш мезгилинде кооптуу жагдайлар жаралууда. Кечкисин жол кырсыктары катталууда. Ушундан улам балдар кечинде көчөгө чыкканда алардын ата-энелери тынчсызданып турат. Тунку жарыктын жоктугунан, айыл тургундарынын айрыкча жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны кескин түрдө өсүүдө. Эгерде бул маселе чечилбесе, жогорудагы терс көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө алып келет.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 5000 жакын адам, «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 1500 адам.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан АА Фрунзе, Гулистан айылдарына тунку жарыктыкты орнотуу менен кылмыштуулук-тардын, жол кырсыктарынын алдын алуу.
| 1. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен түнкү жарыктык орнотуу боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: Электр тармактары ишканасы менен байланышуу жана биргелешкен иштерди анализдоо. Мыйзамга ылайык керектелуучу келишимдер, иш-кагаздарды жонго салуу. | Фрунзе Гулистан
|
Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - Райондук электр тармактар ишканасы | Райондук электр тармактары ишканасы менен анализ жасалып, келишим тузулду - Түнкү жарыктыкты орнотуу боюнча пландар иштелип чыгылды. | Түзүлгөн 1келишим, 2 иш планы |
2. Койгойдуу чечуу боюнча каржы булактарын изилдоо: Түнкү жарыктык орнотууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Элдин мумкунчулукторун анализдөө (жолугушуу, жыйындар) - Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 20 миң
|
|
|
| -Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралды. Элдер менен жолугушуулар өткөрүлдү Спонсорлорго кайрылуулар даярдалды. | Жергиликтүү бюджеттен 300 миң акча каражаты каралды. 4 жолу өткүлгөн чогулуштар, кабыл алынган чечимдер. Спонсорлорго 4 кайрылуу | |||
3. Элдерди түнкү жарыктык менен камсыз кылуу үчүн: - Фрунзе, Гулистан айылдарына 300 жакын столбаларга жарыктык орнотуу | Фрунзе Гулистан
| Май-Август 2020-ж. | 300 миң |
| 100 миң | 100 миң Жергиликтүү спонсорлор | Айылдардагы столбаларга түнкү жарыктыктар орнотулду, кылмыштуулук-тардын, жол кырсыктарынын саны азайды | 300 та жерге түнкү жарыктыктар орнотулду. Кылмышту-улуктун, жол кырсыктары-нын саны 50% азайды.
| |||
4. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Жергиликтуу газетадан маалымат беруу - Маалымат тактачалары аркылуу |
| Ноябрь –Декабрь 2020-ж. |
|
|
| 10 миң | - «Ноокат таны» газетадасында макала чыгарылды. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. АӨ Веб- сайтына маалымат берилди
|
1 макала
3 маалымат тактачаларга илинди. АӨ Веб-сайтына 1 жолу маалымат берилди | |||
Багыты: Инфраструктура
8 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Ички арыктар тазаланбаган.
Фрунзе айылынын “Бостон”, “Баймурза ата” участкалары. Гулистан айылынын жаңы конуштары.
Жогоруда көрсөтүлгөн участкаларга көп жылдардан бери арыктарга агын суу келбейт. Мурда жыл сайын айыл тургундары ашар уюштуруп, арыктарды, көчөлөрду тазалайт эле. Азыркы күндө көп көчөлөрдөгү арыктар тазаланбаган. Ички арыктарга элдер таштандыларды төгүп, айлана чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна зыян келтиришүүдө. Буга айыл өкмөтү тез арада чара көрүшү керек.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 8000 жакын адам, «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 2500 адам.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан АА Фрунзе, Гулистан айылдарынын ички арыктарды калыбына келтирүү.
| 1. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен ички арыктарды тазалоо боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: - Элдерди мобилизациялоо - Арыктарды, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча АӨ буйрук чыгаруу | Фрунзе Гулистан
|
Январь-Февраль 2020-ж. | 5 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин депутаттары -Көчө комитеттери | Айыл башчылар элдер менен жолугушуулар өткөрүштү. Айыл өкмөтүнүн буйругу чыкты | 4 жолу жолугушуулар өткөрүлдү. Айыл өкмөтүнүн буйругу чыкты. |
2. Көйгөйдү чечүү боюнча каржы булактарын изилдоо: - Смета тузуу - Элдин мумкунчулуктөрун анализдоо (жолугушуу, жыйындар) - Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Февраль-Март 2020-ж. | 10 миң
|
|
|
| - Жер-жерлерде элдер менен чогулуштар өткөрүлөт. Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. Жергиликтүү спонсорлорго кайрылуулар даярдалды |
4 жолу өткүлгөн чогулуштар, кабыл алынган чечимдер. Спонсорлорго 2 кайрылуу | |||
3. Ички арыктарды тазалоо, айлана чөйрөнү иретке келтирүү боюнча: - Элдерди мобилизация кылуу. Ички арыктарды тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү. | Фрунзе Гулистан
| Март-Май 2020-ж. | 200 миң |
| 500 миң | 100 миң Жергиликтүү спонсорлор | Айылдардагы бардык ички арыктар тазаланды, айлана-чөйрө иретке келтирилди. |
40 км ички арыктар, көчөлөр, мазарлар тазаланды.
| |||
4. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Жергиликтуу газетадан маалымат беруу - Маалымат тактачалары аркылуу |
| Июнь 2020-ж. | 10 миң |
|
|
| - «Ноокат таны» газетадасында макала чыгарылды. АӨ Веб- сайтына маалымат берилди - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. |
1статья
3 маалымат тактачаларга илинди. АӨ Веб-сайтына 2 жолу маалымат берилди | |||
Гулистан ААнын АӨ башчысы Шаназаров Э.Б. _______________________ «МАКУЛДАШЫЛДЫ» ДТ лидери Иминжанова Д. _______________________ДТ лидери Эркебаев А. ______________________