ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги XX-сессиясы
2019-жылдын 18-июлу № XX-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга I-жарым жылдыгын жыйынтыгы II-жарым жылдыктын милдеттери жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджети 2018-жылдын 25-декабрында айыл кеңеши тарабынан бекитилип берилген. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы боюнча бир катар ийгиликтүү иштер аткарылды. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарылышын айыл кенештин “Экономика, бюджет жана инвестиция” боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, өзүнүн корутундусун берген. Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын I-жарым жылдыктын бюджетинин жыйынтыгын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын I-жарым жылдыктын аткарылышын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын I-жарым жылдыкта социалдык-экономикасын жыйынтыгы кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын I-жарым жылдыкта бюджеттин кирешеси 10 375,4 миң сом , чыгашасы 9 913,8 сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Гулистан айыл аймагында мамлекеттик жана инвестиция тартуу жолу менен каржыланып жаткан долбоорлордун аткарылышын туруктуу көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин экономика бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |