Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № XX-2
2020-2022-жылдарга Гулистан айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин болжолун бекитип берүү жөнүндө
2019-жылдын 8-июлунда Гулистан айыл аймагында айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу боюнча коомдук бюджеттик угуулар өткөрүлдү жана тийиштүү чечим кабыл алынган. Гулистан айыл өкмөтүнүн коомдук угуулар боюнча кабыл алган токтомун жана коомдук угуулардын жүрүшүндө айтылган сунуштарды көрүп чыгып, айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү маселени көрүп чыгып айыл кеңешинен өзүнүн токтомун бекитип берүүнү сунуштаган. Гулистан айыл кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин долбоору: киреше жана чыгаша бөлүктөрү 18 700,3 миң сомго;
2021-жылга болжолу: киреше жана чыгаша бөлүктөрү 18 910,9 миң сомго;
2022-жылга боллжолу: киреше жана чыгаша бөлүктөрү 19 055,9 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча долбоордун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |