Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-сентябры №XХI-1
Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасынын 2019-жылдын 1-августундагы № 3-протоколун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасы 2015-жылда өз ишин баштаган. Балдар бакчасынын имараты 90 балага болжолдолгон. Айыл аймагынын Фрунзе айылында азыркы күндө 15 255 миңден ашык эл жашайт. Кожолук саны 2176 түзөт. Мепктепке чейинки балдардын саны 1800 түзөт. Айылда болгону бир балдар бакчасы иштейт. Балдар бакчасына талапкерлер көп экендигин эсепке алып, балдар бакчасынын шарттарын үйрөнүп балдар бакчасынын ата-энелер комитети жалпы чогулушун өткөрүп, кошумча жамааттык тайпа ачып берүүгө уруксат берүүнү суранган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы “Гүл бакча” балдар бакчасынын 2019-жылдын 1-августундагы № 3-протоколу бекитилсин.
2. Кошумча ачылып жаткан жамааттык тайпанын тийиштүү юридикалык, финансылык-уюштүрүү документтерин даярдоого көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелр боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
Гулистан айыл аймагындагы жалпы ата-энелер жамаатынын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Фрунзе айылы №3 01-август 2019-жыл
2019-жылдын 1-августунда Гулистан айылындагы ата-энелер жамаатынын жалпы чогулушу болду. Чогулушка 50 ата-эне катышты
Күн тартибинде төмөнку маселе көрүлдү.
Гулистан айылында жашоочу элдердин бала-бакчага болгон муктаждыктары жөнүндөгү көйгөйдү чечүү.
Ата-энелер жамаатынын жалпы чогулушу айылдагы “Гул бакча” балдар бакчасынын имаратында өткөрүлдү. Күн тартибиндеги маселе боюнча “Гул бакча” балдар бакчасынын директору К.Атабалаева сүйлөдү. Ал өз сөзүндө бала бакчанын сыйымдуулугу жана азыркы убакыттагы шарттары жана кезекте турган балдар жөнүндө сүйлөдү. Ата-энелердин көпчүлүгү кезекке маани бербей жаткандыгын айтты. Натыйжада бала бакчадагы тайпалардын балдардын саны стандарттан 1,5 эсе көбөйүп кеткендигин күйүнүп айтты.
Сүйлөдү: С.Хайдаров ата-энелерден. Ал өз сөзүндө бала бакча жөнүндөгү элдин көйгөйүн чечүү максатында кошумча тайпа керектигин айтты.
Сөзгө чыккан С.Базарбаев ата-энелерден. Ал өз сөзүндө кошумча тайпа ачуу үчүн бала бакчада шарт жоктугун билдирди.
Кошумча тайпа ачуу үчүн атайын имаарат куруу керектигин айтты.
Сүйлөдү: Л.Куранбаева ата-энелерден. Ал өз сөзүндө кошумча тайпа куру жөнүндө Базарбаевдин пикирин колдоду.
Кошкмча тайпа үчүн атайын имаарат куруу маселеси талкууга коюлду.
Элдин көйгөйүн чечүү максатында бала-бакчада атайын имаарат куруу ашар жолу менен жанан ата-энелердин кайыр-садакалары менен салынышы белгиленди.
Кошумча ата-энелердин милдеттери айтылды. Балдарын бала-бакчага берүүчү ата-энелер өз балдарыны тапочка, чачык, идиш-аяк жана №1,2 шейшептер менен камсыздоо айтылды.
Күн тартибиндеги маселе талкууланып төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды.
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
Айылда жана бала-бакчада элдин бала бакчага болгон муктаждыкдыктарын ачып берүү жана камсыздоо маселеси айыл кеңешинен суралсын.
Кошумча тайпа асуу максатында атайын имааратты ашар жолу менен курулушу айыл кеңешинебилдирилсин.
Баласыны бала-бакчага алып келген ата-энелерге өз балдарыны тапочка, чачык, идиш-аяк, №1,2 шейшеп менен камсыздоо милдети жүктөлсүн.
Ата-энелер комитетинин төрайымы: Н.Мирзакаримова
Катчысы: К.Атабалаева