Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 8-сентябры №XХI-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын –12-августундагы “Фрунзе айылынын “Бостон” участкасындагы курулушу бүтпөгөн медресе жана социалдык объекттерге ажыратылган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү” № 72-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын “Бостон” участкасындагы жаңы конуштардын элин социалдык маселелерин чечүү максатында, мурда, колхоз мезгилинде 1,22 га жер аянты ажыратылып берилген. 1991-жылдын 21-майындагы эл депутаттарынын Ноокат райондук Советинин № 5-75 токтомунун негизинде, ушул жер аянтынын 0,50 га бөлүгүндө медресе курулушуна уруксат берилген. Бирок колхоз жоюлуп кетекендигине байланыштуу фундамент курулган боюнча калган. Азыркы күндө “Бостон” участкасындагы калктын саны 3500 ден артты. Бостон учаскасындагы элдин социалдык-маданий жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 6, 8-беренелерине ылайык, айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын –12-августундагы “Фрунзе айылынын “Бостон” участкасындагы курулушу бүтпөгөн медресе жана социалдык объекттерге ажыратылган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү” № 72-токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагынын “Бостон” участкасындагы калктуу конуштардын арасында жайгашкан курулушу бүтпөй калган медресеге тийиштүү болгон 0,5 га, ага чектеш жайгашкан социалдык объекттерди курууга ажыратылган 0,72 га, бардыгы болуп 1,22 га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
3. Муниципалдык менчикке алынган жер аянтына мамлекеттик актын даярдап берүү жагы Ноокат райондук Мамкаттоо уюмунан суралсын.
3. Көрсөтүлгөн жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШ ОБЛУСУ НООКАТ РАЙОНУ ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКАТСКИЙ РАЙОН
ГУЛИСТАНАЙЫЛӨКМӨТҮ ГУЛИСТАНСКИЙ АЙЫЛ ОКМОТУ
О.Солтобаев көчөсү №33 ул. О.Солтобаева №33
Тел: (0-3230) 5-14-82, 5-14-78 guliston.kg@mail. Тел: (0-3230) 5-14-82, 5-14-78
«10» 08 .2019 ж ФРУНЗЕ АЙЫЛЫ
ТОКТОМ №72 ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Фрунзе айылынын “Бостон” участкасындагы курулушу бүтпөгөн медресе жана социалдык объектерге ажыратылган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын “Бостон” участкасындагы жаңы конуштарды социалдык маселелерин чечүү максатында, мурда колхоз мезгилинде 1,22 га жер аянты ажыратылып берилген. 1991-жылдын 21-майындагы эл депутаттарынын Ноокат райондук Советинин № 5-75 Токтомунун негизинде, ушул жер аянтынын 0,5 га жерине медресе курулушуна уруксат берилген. Бирок фундамент курулган боюнча калган. Азыркы күндө “Бостон” участкасындагы калктын саны 3500 ден артты. Жаңы конуштардагы калктын социалдык жана жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Гулистан айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 2-сентябрындагы “Муниципалдык менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу жөнүндөгү” чечиминин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
Гулистан айыл аймагынын “Бостон” участкасындагы калктуу конуштардын арасында жайгашкан курулушу бүтпөй калган медресеге тийиштүү болгон 0,5 га, ага чектеш жайгашкан социалдык объекттерди курууга ажыратылган 0,72 га, бардыгы болуп 1,22 га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
Муниципалдык менчикке алынган жер аянтына социалдык маанидеги объекттер (мечит, ФАП, медресе, мектеп, балдар бакчасы) курулушу пландаштырылсын.
Муниципалдык менчикке алынган жер аянтына мамлекеттик актын даярдап берүү жагы Ноокат райондук Мамкаттоо уюмунан суралсын.
Муниципалдык менчик жер аянтына пландаштырылган объекттердин тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Ноокат району боюнча шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Айбашовго тапшырылсын.
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы: Э. Шаназаров