Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 3
Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш IV сессиясы Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүн жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу М.Маллабаевтин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетин кирешелер бөлүгү 13021,5 миң сом суммасында жана чыгашалар бөлүгү 13021,5 сом суммасында бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу төмөнкудөй:
2018-жылга кирешелер боюнча болжол 15052,6 миң сом суммасында,2019-жылга 16378,6 миң сом суммасында;
2018-жылга чыгымдар боюнча болжол 15052,6 миң сом суммасында,2019-жылга 16378,9 миң сом суммасында бекитилсин.
3. 2017-жылга Республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмү чыгашалар 7495,4 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
4. Теңдөөчү трансфеттер биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер- эмгек акысы, тамак–аш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жумшалсын.
5. Жарандык коргону комиссиясы чечими менен сарпталуучу табийгый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жою боюнча мамилелерди ыкчам чечүү максатында 300,0 миң сом акча каражаты каралсын.
6. Айыл өкмөтүнун 2017 - жылдагы бюджетинин 1 пайызы 127, миң сом өлчөмүндө аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылдагы кирешеси 170,0 мин сом өлчөмүндө белгиленип, багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сарпталышы белгиленсин.
8. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук акытлар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жыл бюджетинде каралсын.
9 .2017- жылда апарат кызматкерлеринин бирдик саны 18 киши менен белгиленсин ( КР Өкмөтүнүн 08.07 2013- жылдагы 403-сандуу Токтомуна ылайык).
10 Арстанбап айыл аймагындагы айылдарга беш айыл башчы оруну бекитилсин.
11. Арстанбап айыл Өкмөтүнун 2017-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны төрт миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл Өкмөтү боюнча АКС инспекторуна беш орун бекитилсин.
12. 2017-жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар тиркемесинин суммасынын чегинде өзгөртуүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кенешинин сунуш берүү жагы КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу М. Маллабаевке тапшырылсын.
13. 2017-жыл 1 –январга жүгүртүлүдөгү накталай акча калдыгы 30.0 миң сомдон кем эмес өлчөмүндө бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 8-главасына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип жыл ичинде пландын ашыкча жыйналган каражаттар жергиликтүү кеңештердин ченемдик актыларына ылайык кезектеги бюджеттин чыгашаларын жүзөөгө ашырууга пайдалануусу каралсын.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |