Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 4
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2016-жылда жылда пайдаланбай калган акча каражаттарынын 2017-жылда пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык VII чакырылыш кезектегим IV сессиясы Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылда пайдаланбай калган акча каражатынын, бюджетин долбоору боюнча КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу М.Маллабаевтин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2016-жылда пайдаланбай калган 1685,3 сом акча каражатын 2017-жылга 701-бөлүм 2215-бөлүмчөсүнө 392,0 миң сом, 2221-бөлүмчөсүнө 293,3 миң сом, 3111-бөлүмчөсүнө 750,0 миң сом,70921-бөлүм 3111-бөлумчөсүнө 250, миң сом, жалпы суммасы 1685,3 миң сомго тактама-билдирүү даярдап 2017-жылдын бюджетине киргизүү КЭБ башчысын милдетин аткаруучу М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
2 .Атайын эсептен 2016-жылда пайдаланбай калган 158,6 миң сом акча каражатына 709-11-бөлүмүнүн 2218-бөлүмчөсүнө 54,6 миң сом, 2222- бөлүмчөсүнө 44 миң сом, 3112-бөлүмчөсүнө 60 миң сомго тактама-билдирүү даярдап 2017- жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл Өкмөтүнун башчысы У. Таштанбековко жана КЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу М. Маллабаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |