Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 5
Арстанбап айыл аймагынын ички жолдорун кеңейтүү жана иретке келтирүү жөнүндө
Элдин арызын жана айылдык Кеңештин көрктөндүрүү жана муниципалдык мүлк боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагынын ички жолдору кеңейтирилип, тартипке ылайык иретке келтирилсин.
2. Жолдун боюндагы тамарка жерлери системалык каттоо боюнча текшерилип, жер аянты аз болгон учурда башка жерден жер берүүнүн эсебинен жолдор тартипке ылайык иретке келтирилсин.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жана Арстанбап айыл аймагы боюнча милициянын участкалык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Абдухалиловко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |