Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 7
Арстанбап айыл айыл аймагынын Кош–Терек мааласине спорт зал куруу үчүн 0,16 га жерди муниципалдык жер реестрине киргизүү жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын жаштарынан келип түшкөн арызын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рахим Палван көчөсүн асфальттөө бүткөндугүнөн Кош-Терек мааласына баруучу альтернатив жол иштебей калгандыган ошол жердеги 0,16 га жер муниципалдык жер реестрине киргизилип, спорт зал куруу үчүн мамлекеттик акт алынсын.
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |