Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 9
Арстанбап-Ата токой чарбасынын аймагындагы сугат, айдоо жерлердин ижарага берилүүчү акыларын белгилөө жөнүндө
Арстанбап-Ата токой чарбасынан келип түшкөн сунушту угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токой чарбасынын аймагындагы сугат, айдоо жерлердин 1 гектарын ижара акысы 2100 сом, кайрагы айдоо жерлердин 1 гектарын ижара акысы 1000 сом деп белгиленсин.
2. Жаңгак токойлорун ижарага берүүдө 1 гектар токой аянтына төлөнүүчу ижара акысы 1626 сом деп белгиленсин.
3. Чөп оруулуучу аянттарынын төгүлүүчү ижара акысы 1 гектары 300 сом деп белгиленсин.
4. Арстанбап-Ата токой чарбасынын аймагындагы 1 гектар жайлоо аянтынын ижара акысы 87 сом деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткаруу Арстанбап-Ата токой чарбасынын директоруна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |