Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 12
Арстанбап айыл аймагындагы мурда К. Батировко таандык болгон мүлктөрдү максаттуу пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш IV сессиясы Арстанбап айыл аймагындагы мурда К. Батировка таандык болгон мүлктөрдү максаттуу пайдалануу жөнүндөгү айылдык Кеңешинин муниципалдык мулктөр боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагындагы мурда К. Батировка таандык азыркы учурда мамлекеттик мулк фондунун көзөмөлүндөө болгон Турпансионат жана мөмө жемиш сактоочу кампа Арстанбап айыл өкмөтү датацияда болгондугун, эске алып муниципалдык мулкө өткөруп берүү тийиштүү органдардан суралсын.
2. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У. Таштанбековко милдеттендирилсин.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин муниципалдык мүлктөр боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |