Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын Жалал –Абад шаары АБЗ ачык акционердик коомунун кайрулүүсун угуп дебитордук карыз мыйзам талабына ылайык төлөп берүлүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаары “Жалал-Абад АБЗ” ачык акционердик коомунун кайрылуусун угуп жана Арстанбап айылдык Кеңешинин, Бюджети, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция , ишкердик иштери жана тышкы экономика, байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад АБЗ тарабынан Рахим Палван көчөсүнө жаткырылган асфальт жолдон 334 100 сом дебитордук карыз деп айтылган маалыматтын мыйзамдуулугу такталсын.
2. Дебитордук карыз мыйзам талабына ылайык төлөп берилсин.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айылдык аймагынын башчысы У.Таштанбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |