Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-ноябры № 3
Арстанбап айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр боюнча пайда болгон каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги VI сессиясы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө пайда болгон каражаттардан максаттуу пайдалануу боюнча КЭБ башчысы М.Маллабаевтин сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2017-жылдын 6-октябрындагы №14-2-2/711136-сандуу катынын негизинде жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу чыгаша бөлүгү балансташтыруу боюнча 150 (жүз элүү) миң сом акча каражаттары 709-21 бөлүмдүн 2215-бөлүмчөсүнө сарыпталышы белгиленсин.
2. Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөмдөрү боюнча жергиликтүү бюджеттен киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөрүүлөр негизинде чыгаша бөлүгүнөн 704-бөлумдүн 2211-бөлүмчөсүдөн 6,0 (алты миң) сом, 2215-бөлүмчөсүдөн 84,0 (сексен төрт) 150.0 (жүз элүү миң)сом, 2221-бөлүмчөсүдөн 30.0(отүз миң) сом, жалпысынан 120,0 (бир жүз жыйырма) миң сом акча каражаттары 701-11-бөлүмдүн 2221-бөлүмчөсүнө сарпталышы белгиленсин.
3. Арстанбап айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде өткөрүлүп берилүүчү акча каражаттын сарпталышы боюнча тактама-билдирүү даярдап 2017-жылдын бюджетине чыгашалар бөлүмүнө кошумча өзгөртүүлөр киргизүү КЭБунун башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековка жана КЭБунун башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |