Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 1
Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2019-2020-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекснин жетекчиликке алып,Арстанбап айыл аймагынын сациалдык-экономикалык өнүктүрүү прогаммасын аткаруу максатында,айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы М.Маллабаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 13645,9 сом суммасында 1-2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинзин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу керешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2019-жылга 13792,9 миң сом,2020-жылга 13750,1 миң сом суммасында 3-4-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. 2018-жылга Республикалык бюджетинин жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмү чыгашалар 7722,3 миң сом жалпы суммасында 5-тиркемеге ылайык бекитилип,биринчи кезектеги тартипти корголгон беренелер эмгек акысы,тамак-аш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жумшалсын.
4. Жарандык коргонуу комиссиясы чечими менен сарпталуучу,табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында 400,0 миң сом акча каражаты каралсын.
5. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 1 пайызы өлчөмүндө 134,5 миң сом резеривдик фондко ажыратылып,пайдалануу багыттары жөнүндө чечим Айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарпталышы белгиленсин.
6. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жыл бюджетинде каралсын.
7. 2018-жылда аппарат кызматкерлерининин бирдик саны 18 киши менен бекитилсин.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.08.2011-жылдагы 451 сандуу токтомуна ылайык).
8. Айыл аймагындагы айылдарга 5 айыл башчы оруну жана аскерге милдеттүүлөрдүн саны төрт миңден ашык болгондугуна байланыштуу беш аскердик каттоо столу инспектору оруну бекитилсин.
9. 2018-жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар тикемесинин сумманын чегинде өзгөртүүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Маллабаевке жүктөлсүн.
10. 2018-жыл 1-январга жүгүртүүлүүдөгү накталай акча калдыгы 30,0 миң сомдон кем эмес өлчөмүндө бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 8-главасына ылайык,жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган кирешелер жергиликүү Кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылуусу каралсын.
12. Айыл өкмөтүнүн 15.01.2018-жылдагы №01 сандуу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык үй жанындагы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун,калктуу конуштардын жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун зооналдык коэффиециенттерин 2018-жылга бекитип берүү жөнүндөгү сунушу сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен дупутаттардын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында көрүп чыгылышы белгиленсин.
13. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметирлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо,ага тиешелүү өңдөөлөрдү киргизүү кабыл алынгыча айыл өкмөтү айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметирлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.
14. Токтомду аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |