Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 2
Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2017-жылда пайдаланбай калган акча каражатынын 2018-жылда пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы М.Маллабаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинде пайдаланбай калган акча каражаттарына төмөндөгү багыттар, 701-бөлүмдүн 2221-бөлүмчөсүнө 32,4 миң сомго,3112-бөлүмчөсүнө 900,0 миң сомго, жалпы суммасы 932,4 миң сомго тактама-билдирүү даярдап 2018-жылдын бюджетине киргизүү КЭБ унун башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
2. 2017-жылда атайын эсептен пайдаланылбай калган 142,7 миң сом акча каражаттарына 709-11-бөлүмдүн 2222-бөлүмчөсүнө 80 миң сом, 3112-бөлүмчөсүнө 62,7 миң сомго тактама-билдирүү даярдап 2018-жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүн башчысы У.Таштанбековко жана КЭБунун башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |