Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 3
Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүнүндө
Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги VII сессиясы Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудиттин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүн отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл өкмөтүнүн 2016-жылда бюджетик, атайын каражаттардын,бюджеттик эмес жана башка каражаттардын натыйжалуу түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Эесептөө палатасынын отчету эске алынсын.
2. Арстанбап айыл өкмөтүнүн аткаруу жана башка органдары:
-айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудиттин жүрүшүндө айкындаган кемчилдиктерди жойсун;
-айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин аткаруунун бузулууларына жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин каралсын;
-иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнө маалымат берилсин;
-чыгашалар сметаларын иштеп чыгууда жана кызмат көрсөтүү жана башка ар кандай сатып алууларда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарылышын камсыз кылынсын::
3. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл өкмөтүн башчысы У.Таштанбековко жана КЭБунун башчысы М.Маллабаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |