Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 4
Арстанбап-Базар –Коргон жолунун жээгинен Арстанбап Пансионатынын батыш жагынан кеткен жолдун кондитердик цехтен Пансионатка чейинки бөлүгүнө Тагаев Дурусбектин наамын ыйгаруу жөнүндө
Гумкана айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды угуп,мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Базар-Коргон жолунун жээгинен Арстанбап Пансионатынын батыш жагынан кеткен жолдун кондитердик цехтен Пансионатка чейинки бөлүгүнө Тагаев Дурусбектин наамы ыйгарылсын.
2. Ушул аралыктагы көчөнүн жээгиндеги үйлөр номеризацияланып Тагаев Дурусбек атындагы көчө деп жазылсын
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |