Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы № 5
Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап көчөсу бүткөн жеринен Каримбаева Сайера эженин үйүнөн баштап Кадиркулов Жумалинин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Абдукаримов Абдуганинын наамын ыйгаруу жөнүндө
Арстанбап айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды угуп,мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап көчөсү бүткөн жеринен Каримбаева Саёра эженин үйүнөн баштап Кадиркулов Жумалинин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Абдукаримов Абдугуныны наамы ыйгарылсын.
2. Ушул аралыктагы көчөнүн жээгиндеги үйлөр номеризацияланып Абдукаримов Абдуганы атындагы көчө деп жазылсын.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |