Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 1
Арстанбап айыл аймагындагы жалпы жалпы 6540 метр ички жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жалпы пайдалануудагы жолдордун котегориясына өткөрүү жөнүндө
Базар-Коргон району менен Арстанбап айыл аймагын байланыштырган жолдун, Арстанбап айыл аймагына караштуу бөлүгүн абалы начардыгын жана өндоп –түздөө үчүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагындагы №34 Ю.Исламов мектебинен Арстанбап айылынын борборуна чейинки аралыктагы 540 метр жана Талдуу-Булак айыл аймагы бүткөн жеринен баштап Жай-Терек айылындагы №29 Монокбаев атындагы мектепке чейинки аралыктагы 6 км, жалпы 6540 м. жолду Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин жалпы пайдалануудагы жолдордун категориясына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Арстанбап айыл аймагындагы №34 Ю.Исламов мектебинен Арстанбап айылынын борборуна чейинки аралыктагы 540 метр жана Талдуу-Булак айыл аймагы бүткөн жеринен баштап Жай-Терек айылындагы №29 Монокбаев атындагы мектепке чейинки аралыктагы 6 км, жалпы 6540 м. жолду пайдалануудагы жолдордун категориясына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинен суралсын.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Абдухалилов |