Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 2
Арстанбап айыл аймагындагы айыл чарбасына арналбаган салык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексини киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмчөсүно ылайык Арстанбап айылдык аймагындагы эс алуу жайларын жер салыгы коэффициентин 1-ге котору боюнча Арстанбап айылдык аймагынын башчысы У.Т.Таштанбековтун кайрылуусун жана бюджет, эканомика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштери жана тышкы эканомика боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Салык кодексини киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмчөсүно ылайык Арстанбап айыл аймагындагы айыл чарбасына арналбаган салыгын коэффициенти Кз – 1 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды аткарууга алуу Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык ишке ашыруу Арстанбап айыл аймагынын финансы эканомика бөлүмүнүн башчысы К.Тиркашов жана салык боюнча бөлүм башчысы И.Султанов тарабынан ишке ашырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Т.Таштанбековко милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдухалилов |