Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 3
Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Т.Таштанбековту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуштоо жөнүндө
Арстанбап айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн сунуштарды жана Арстанбап айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагынын элдик жашоо турмушунун жакшыртууда аймактын инфраструктурасын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, коомдук иштерге активдүү катышып демөөрчүлүккө ар дайим көмөктөшкөн эл менен, ошондой эле Жергиликтүү Кеңештин депутаттары менен ачык айкөл иштегени үчүн У.Т.Таштанбековко Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылышы суралсын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Абдухалиловко милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдухалилов |