Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 6
Комилов Латифжан Илхамжановичтин өзүнүн огоротуна курулган мечитти 200м2 жер аянты менен Арстанбап айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киритип, муниципалдык мүлк катары каттоого алуу жөнүндө
Арстанбап айылынын тургуну Комилов Латифжан Илхамжановичтен келип түшкөн сунушту угуп жана талкуулап, Арстанбап айылдык Кеңешинин VII чакырылып кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айылынын тургуну Комилов Латифжан Илхамжановичтен өзүнүн огоротуна Арстанбап эли үчүн курулган мечиттин орду 200м2 жер аянты менен Арстанбап аыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киритилсин, муниципалдык мүлк катары кабыл алынсын.
2. Комилов Латифжан Илхамжановичтин өзүнүн огоротуна курулган мечит 200м2 жер аянты менен Арстанбап айыл Өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киритилип муниципалдык мүлк катары кабыл алынгандын кийин керектүү иш кагаздарын тактоо Арстанбап айыл Өкмөтүнүн жер адиси М.Мусакуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Абдухалилов |