Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 7
2018-жылдын 19-сентябрь күнү Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап айылынын тургундарынын өткөргөн элдик жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 19-сентябрь күнү Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап айылынын тургундарынын өткөргөн элдик жыйында Арстанбап көчөсүн асфальттоо боюнча элдик жыйындын №1 токтомун негизинде Арстанбап айылын VII чакырылыш кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айылынын тургундарынын элдик жыйынын 19-сентябрь 2018-жылдагы №1 токтому бекитилсин.
2. Арстанбап айылындагы Арстанбап атындагы көчөнү асфальттоо боюнча долборун даярдоо, Арстанбап айыл Өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. 701 раздал ар-түрдүү чыгымдар эсебинен, элдик салым катары Арстанбап көчөсүн асфальттоо проектисин иш жүзүнө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 250 (эки жүз элү) миң сом салым берилсин.
4. Элдик салымды жыйнап эске алынбаган чыгымдарга жумшоо Арстанбап айылынын айыл башчысы Б.Бурхановко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдухалилов |