Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июлу № 6
Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Макаренко айылы менен чектешкен калктуу конуштун чек араларын тактоо жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин (VI шайланган) XII-кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылынын 2019-жылдын февраль айындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде КР Өкмөтүнүн жер кодексинин 18-берененин 3-пунктуна ылайык Жылалды айылы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Макаренко айылы менен чектешкен калктуу конуштун чек араларын тактоо боюнча маселесин угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Макаренко айылын кесип өткөн, Жоробаев Паиз көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 10,80га эл отурукташкан жер тилкеси Жылалды айыл өкмөтүнүн административдик аймагындагы жери болуп табылсын.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде эл отурукташкан 10,80га жер тилкесин өткөрүп алуу жагы Жылалды айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймактык картасынан чыгарылып, жер отчетуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |