Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 7
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагынан Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарына 1994-жылы үлүш катары берилип кеткен 63,4 га айдоо жерлерин тактоо жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) XIII-кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл аймагында инвентаризациялоо жумуштарын аткарууда, талаа изилдөө жумуштарын жүргүзүүдө Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарына 1994-жылы үлүш катары берилип кеткен 63,4 га айдоо жерлерин тактоо боюнча маселесин угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде, Жылалды айыл аймагында инвентаризациялоо жумуштарын аткарууда, талаа изилдөө жумуштарын жүргүзүүдө Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарына 1994-жылы үлүш катары берилип кеткен 63,4 га контур боюнча 591-17га, 592-14,2га,594-2,7га, 601-18,4га, 752-2,2га, 753-1,7га,
755-7,2га сугат айдоо жерлери, Төрт –Көл айыл өкмөтүнө таандык экендиги белгиленсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан Жылалды айыл өкмөтүнүн аймактык картасынан чыгарылып, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймактык картасына киргизилип, жер отчетуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |