Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 10
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV- сессиясынын күн тартибиндеги жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Кабыловдун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча 16.08.2019-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Кабыловдун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |