Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 11
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин, СВА, ФАП, библиотека, маданият үйлөрүнүн кышка карата даярдыктары жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV- сессиясынын күн тартибиндеги жетектөөчү адис Матраимов Мамытбектин айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин, СВА, ФАП, библиотека, маданият үйлөрүнүн кышка карата даярдыктары боюнча 16.08.2019-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин, СВА, ФАП, библиотека, маданият үйлөрүнүн кышка карата даярдыктары боюнча М. Матраимовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |