Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 12
Айыл өкмөтүндө салыктардын аткарылышы жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV- сессиясынын күн тартибиндеги башкы адиси А. Бекботоевдин 2019-жылдын 7-айында салыктардын аткарылышы боюнча 16.08.2019-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында башкы адиси А. Бекботоевдин 2019-жылдын 7-айында салыктардын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |